Балыкчы – Бедел унаа тилкесинде узундугу 9 чакырымды түзгөн туннель курулат
10 июнь

Балыкчы – Бедел унаа тилкесинде узундугу 9 чакырымды түзгөн туннель курулат

Кыргызстанда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык жол долбоорлору ишке ашырылууда. Негизги долбоорлордун бири катары Балыкчы – Бедел уна тилкесинде узундугу болжол менен 9 чакырымды түзгөн туннель курулат.

Транспорт министри Талантбек Солтобаев «Ачык кабинет» программасында билдиргендей, өлкөнүн артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлорунун бири болгон Чаткал – Алабука – Талас автожолунун 170 чакырымдык бөлүгүн реконструкциялоо иштери да уланууда.

Аталган долбоорлор Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен транспорттук байланышын чыңдоого, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул объектилерди ишке ашыруу жакынкы жылдары этап-этабы менен жүргүзүлөт.