Кыргызстандыктардын төрттөн бири гана сырсөздөрүн үзгүлтүксүз алмаштырып турат
Кыргызстандын жарандардын төрттөн бири гана сырсөздөрүн үзгүлтүксүз алмаштырып турат. Бул санариптик каржылык коркунучтардын өсүшүнө карабастан, коопсуздук чаралары жетиштүү деңгээлде сакталбай жатканын көрсөтөт.
Мындай маалыматтар калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 2027–2031-жылдарга карата программанын долбоорунда келтирилген.
Респонденттердин болжол менен 39%ы коомдук байланыш тармактарын пайдаланууда жаралышы мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу билишет.
Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 69%га жакыны финансылык алдамчылыктын айрым белгилерин тааный алышат.
Программанын авторлору алдамчылыктын белгилерин билүү коопсуздук эрежелерин иш жүзүндө дайыма сактоону билдирбей турганын белгилешет.
Жаңы коркунучтардын катарында фишинг, социалдык инженерия, аккаунттарга мыйзамсыз кирүү, дипфейктер, ошондой эле жасалма интеллекттин жардамы менен адамдын үнүн жана сүрөтүн окшоштуруп жасоо өзгөчө белгиленген.
