Кыргызстандагы камсыздандыруу төлөмдөрү эки жылда беш эседен ашык өстү
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү акыркы эки жылда беш эседен ашык өстү. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Мамлекеттик камсыздандыруу кызматынын төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы компания жарандарга 27 млн сом камсыздандыруу төлөмүн жүргүзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 148 млн сомго жеткен.
Осмоналиев белгилегендей, төлөмдөрдүн өсүшү камсыздандыруу калктын финансылык коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуу механизми болуп бара жатканын көрсөтөт.
Ошондой эле ал быйылкы жылдын алгачкы айларында эле камсыздандыруунун ар кандай түрлөрү боюнча болжол менен 150 млн сом төлөнүп берилгенин кошумчалады.
