Бекешев жарандарды “башка да депутаттарга кайрылууга” чакырып, “алар да айлык алаарын” эстетти
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ага миңдеген жарандардан кайрылуулар келээрин, анын баарын трибунадан тийиштүү тарапка жеткирүү мүмкүн болбой калаарын айтты. Ал бул тууралуу видеону социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Депутаттын айтымында, ага окуучулар – мектеп формасы, чоң энелер – короодо отургучтардын жоктугу, айдоочулар – автоунаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги ж.б. тууралуу кайрылышат.
“Айрым учурда “баламды абактан чыгарып бер” дегендер болот. Бул реалдуу нерсе эмес. Кайрыла бергиле, мен нааразы эмесмин. Бирок башка да депутаттарга жазгыла, алар дагы иштешет жана айлык акы алышат. Ар бир депутатка 3 мүнөт убакыт берилет. Анан мен миңдеген кайрылуулардын ичинен эң маанилүүсүн тандоого аргасыз болом. Трибунаны жалаң гана мен ээлеп ала албайм. Токсон депутат бар. Ар бири округ боюнча бөлүнгөн. Округга тиешелүү маселелер боюнча аларга да жазгыла, алар да иштегиси келет”, - деди Дастан Бекешев.
