Токмокто акциздик маркасы жок тамекилер сакталган кампа аныкталды
Мамлекеттик салык кызматы
10 июнь

Токмокто акциздик маркасы жок тамекилер сакталган кампа аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Токмок шаарында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташты.

Ведоммтводон кабарлашкандай, кампаны текшерүү учурунда ар кандай аталыштагы 1 миң 683 куту тамеки табылган, алардын жалпы баасы 200 миң сомдон ашат.

Аталган факты боюнча рейддик салыктык контролдун актылары түзүлдү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.