Кыргызстанда акыркы бир жылда батирлердин орточо баасы 17,2% га өстү
2026-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк рыногунда ар түрдүү тенденциялар байкалды: өлкө боюнча турак жайдын баасы жалпысынан өскөнү менен, айрым сегменттерде жана шаарларда баалар турукташып, кээ бир жерлерде төмөндөгөн. Бул батирлер жана жеке турак үйлөр рыногу боюнча жүргүзүлгөн талдоодо көрсөтүлгөн.
Маалыматтарга ылайык, республика боюнча батирлердин баасы 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,2% өстү. Эң жогорку өсүш Ош шаарында катталып, 25,2% түздү. Ал эми Бишкекте батирлердин баасы 2,3% төмөндөп, борбор калаада рыноктун турукташып жатканын көрсөтүүдө.
Өзүнчө караганда, жеке турак үйлөрдүн (ЖТҮ) рыногунда да өсүш байкалууда. Республика боюнча алардын бир чарчы метринин баасы 32,1% жогорулады. Ош шаарында өсүш 11,7% болсо, Бишкекте 21,2% түздү.
Талдоочулардын айтымында, турак жайдын кымбатташы адатта биринчи кварталдын аягына туура келет. Анткени кыш мезгилинен кийин суроо-талап көбөйө баштайт. Ошол эле учурда Бишкек менен Ош шаарларындагы батирлер сегментинде баалардын турукташышы байкалууда. Бул ипотекалык программалардын алкагында жана башка долбоорлор аркылуу турак жайлардын активдүү курулуп жатканы менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Эксперттер айрым шаарларда жеке турак үйлөрдүн баасынын төмөндөшүн суроо-талаптын түзүмүнүн өзгөрүшү менен түшүндүрүшөт. Тактап айтканда, көп кабаттуу үйлөргө болгон кызыгуу күчөп, жаңы конуштардын активдүү курулушу рынокко таасирин тийгизүүдө.
Жалпысынан алганда, Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк рыногу өнүгүүсүн улантууда. Бирок анын динамикасы турак жайдын түрүнө жана аймакка жараша айырмаланып жатат.
