Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери батир уурулукка шектүүнү кармашты
14 февраль

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери батир уурулукка шектүүнү кармашты

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин Тергөө кызматына Ж.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан турак жайынын пластик терезесин күч колдонуу менен ачып, мыйзамсыз киришип, жашыруун түрдө акча каражаттарын жана алтын буюмдарды уурдап кетишкен. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 3 миллион сомду түзгөн.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө аракеттери жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон, 1989-жылы туулган жаран С.А. аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.