Ош шаарында жаңы эс алуу багы пайдаланууга берилди
25 ноябрь

Ош шаарында жаңы эс алуу багы пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жаңы Сайран эс алуу багы ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Свердин ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана шаар тургундары катышты.

Эс алуу жайында жайкы сахна, отургучтар, беседкалар, балдар ойноочу аянтча бар.

Ошондой эле тротуар курулуп, жашылдандыруу, түнкү жарыктандыруу системалары, декоративдүү арка орнотулду. Аймакта милиция пункту жана ажаткана да каралган.

Белгилей кетсек, бул аймакта мурда кафе-ресторан, соода жайлары, гүл дүкөндөрү жайгашкан болчу.

Мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен бул аймактагы тоскоолдук жараткан курулуштар алынып, суунун жээги ачылган. Натыйжада башамалан кыймылга чектөө коюлуп, эми шаардыктарга сайран куруп, эс алуусу үчүн жаңы эс алуу багы белек болду.