Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 август

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.