Азамат Осмонов Панфилов районунун тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү
19 декабрь

Азамат Осмонов Панфилов районунун тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов иш сапарынын алкагында Панфилов районуна барып, Чалдыбар айыл аймагынын, Күрпүлдөк айыл аймагынын, Кайыңды шаарынын, ошондой эле Курама айыл аймагына караштуу Эфиронос айылынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулар ачык жана конструктивдүү форматта өтүп, активдүү талкуулар менен коштолду. Жолугушууда социалдык-экономикалык өнүгүү, инфраструктуранын абалы, билим берүү, саламаттык сактоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер көтөрүлдү.

Өкүл жарандардын кайрылууларын кунт коюп угуп, бир катар көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Азамат Осмонов көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү тапшырмаларды берип, айрым маселелерди жеке көзөмөлүнө алды. Айтылган маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө жеке өзү көмөк көрсөтөрүн белгиледи. Берилген тапшырмалардын аткарылышы туруктуу көзөмөлдө турат.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындай жолугушуулар калктын чыныгы муктаждыктарын терең түшүнүүгө жана бийлик органдары менен жарандардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыздоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Калк менен ачык диалог жүргүзүү жана жеринде иш алып баруу анын ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктар бойдон калууда.