Азамат Осмонов иш сапарынын алкагында № 4 Ак-Түз туюккаптын айланасындагы кырдаал менен таанышты
18 декабрь

Азамат Осмонов иш сапарынын алкагында № 4 Ак-Түз туюккаптын айланасындагы кырдаал менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов иш сапарынын алкагында Кемин районуна барып, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Ильич айылында жайгашкан № 4 Ак-Түз туюккаптын айланасындагы кырдаал менен таанышты.

Аталган туюккап узак убакыт бою так аныкталбаган укуктук макамда болуп, тийиштүү башкаруу жана көзөмөлсүз калгандыгы аныкталды. Объекттин коопсуздугун жана тийиштүү абалын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик «Кыргызгеология» ишканасына жүктөлгөн сот чечимдери болгонуна карабастан, бул милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылган эмес. Мунун айынан экологиялык жана техногендик коопсуздукка коркунучтар жаралган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан № 4 Ак-Түз туюккабы мамлекеттик менчикке кабыл алынып, белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлдү.

Объектти жеринде карап чыгып, Азамат Осмонов туюккаптын потенциалдуу коркунучун эске алуу менен, инвесторлор тартылып жана комплекстүү калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөнгө чейин объектти Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туруктуу көзөмөлүнө өткөрүү маселесин кароонун максатка ылайыктуу экенин белгиледи.

Өкүл ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн, туруктуу мониторингди уюштуруунун жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды алдын алуучу чараларды көрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган маселелерди иштеп чыгып, объектти мындан ары башкаруу боюнча сунуштарды берүү тапшырылды. Берилген тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов жергиликтүү тургундардын коопсуздугун жана саламаттыгын коргоо маселелери сөзсүз түрдө артыкчылыктуу багыт экенин өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, туюккапты мындан ары пайдалануу жана башкаруу боюнча бардык чечимдер калкка жана айлана-чөйрөгө болгон тобокелдиктерди азайтуу менен гана кабыл алынышы керек.