Депутат коопсуздук чараларын “конок келээрде үйүн жыйнап, калган учурда чачылып жатчу үй-бүлөгө” салыштырды
10 июнь

Депутат коопсуздук чараларын “конок келээрде үйүн жыйнап, калган учурда чачылып жатчу үй-бүлөгө” салыштырды

Депутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин жыйынында Акүйдүн айланасына автоунаасын токтоткондор жазасыз калышкандыктан бул иштерин улантып келишкенин билдирди. 

Ал жазанын сөзсүздүгү (неотвратимость наказания) болбогонунун себеби катары мыйзамдардын иштебей жатканын атады. 

“Алыска кетпей эле Акүйдү айланасын алалы. Жакында айланасы тосулду. Анткени автоунааларды тепкичке чейин токтотуп калышты. Эмнеге мындай болуп жатат? Себеби мыйзам иштебейт. Ошондуктан майда да, чоң да кылмыштарга сөзсүз жаза болушу керек. Эреже бузуу же бар же жок, үчүнчү вариант болбойт. Сөзсүз түрдө жаза көрүлбөй жаткан себебинен биз улам жаңы мыйзамдарды кабыл алууга аргасыз болуп жатабыз”, – деди ал. 

Ошондой эле депутат жол кырсыгынын азайтуу чаралары тийиштүү деңгээлде көрүлбөй жатканын белгиледи. 

“Башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары же министрликтердин башчылары келгенде коопсуздукту кандай деңгээлде камсыздаса болоорун көрүп жатабыз. Ошол эле убакта менин жол кырсыктары боюнча акыркы билдирүүмдөн кийин да бир топ кырсык орун алып, адам өмүрлөрү кыйылды. Эмнеге башка жактан келгендерге коопсуздук камсыздап беребиз дагы, өз жарандарыбызга келгенде андай кылбайбыз. Бул баягы конок келээрде үйүн жыйнап, калган учурда чачылып жашаган үй-бүлөдөй эле көрүнүш”, – деди Ибраимов.