Сак болуңуз! Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
Улуттук банк
10 июнь

Сак болуңуз! Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Кыргызстандын Улуттук банкы банктын логотибин колдонуу менен жаңы алдамчылык схемасы пайда болгондугу тууралуу билдирет.

Белгисиз адамдар өзүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, ошондой эле Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди колдонуп, мессенджерлердин жардамы менен жарандарга “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталындагы эсептик жазуулары бузулгандыгы жана жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткендиги тууралуу жалган билдирүүлөрдү жазышат.

Кылмышкерлер жаранга анын атына таризделген кредит тууралуу кабарлап, буга байланыштуу акчаны “коопсуз” эсепке которууну сунуштайт.

Улуттук банк бул алдамчылар экенин эскертет! Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана бейтааныш адамдарга эч качан акча которбоңуз. Эгерде күмөн санасаңыз, расмий булактардагы маалыматты эки жолу текшериңиз.

Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка кредит бербейт.

Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз.