Аида Исатбек кызы эмгек министринин орун басары болуп дайындалды
www
13 апрель

Аида Исатбек кызы эмгек министринин орун басары болуп дайындалды

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин жаңы орун басары — Аида Исатбек кызы тааныштырылды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Министрликтин жамаатына жаңы орун басарды президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер мабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы Жыпариса Рыспекова тааныштырды.

Белгиленгендей, дайындоо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык жүргүзүлгөн.

Буга чейин бул кызматты Айнура Орозбаева аркалап келген.

Аида Исатбек кызы көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.