Ат-Башыда үрөн сактоочу кампанын курулушу башталды
Ат-Башы районунда Кыргызстанда биринчи жолу үрөн сактоочу кампанын курулушу башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу, “Кыргыз Агрохолдинг” ААКнын башкы директору Данил Жумабаев жана ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров катышты.
Белгиленгендей, бул долбоор мамлекет башчысынын Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн демилгенин негизинде ишке ашууда.
Заманбап агро борбор үрөндүк картошканы сактоо, сорттоо жана логистикалык кызматтарды көрсөтүп, ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө, фермерлерди сапаттуу жергиликтүү үрөн менен камсыз кылууга жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.
