Алиев жайкы аптапта айрым кызматкерлердин жумуш күнүн эки саатка кыскартууну сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында Медербек Алиев “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна бир катар дарттар менен жабыркаган эмгекчилдер үчүн өзүнчө режим түзүүнү сунуштады.
“Жылдан жылга жайкысын күн катуу ысып жатат. Кээ бир учурда 40 градустан ашат. Мындай маалда айрым жогорку кан басымы бар, кант диабетине чалдыккан жана жаш курагы өйдө кызматкерлер күндүз иштөөдөн кыйналышат. Чет өлкөлөрдө ушундай жарандарга күн ысыкта өзүнчө жумуш режими түзүлүп, адаттагы жумуш күнүн алар үчүн эки саатка кыскартышат экен. Биз да ушундай норманы киргизсек болобу?” – деди депутат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов депутаттын сунушу эске алынаарын билдирди.
