Баткен райондук администрациясы
10 июнь
Баткен районунда дан эгиндерин жыйноо иштери башталды
Баткен районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Алгачкы түшүм Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылында жыйналып, 1 гектардан орточо 30–35 центнер буудай алынууда.
Быйыл район боюнча жалпы 3200 гектар аянтка дан эгиндери айдалган. Учурда дыйкандар түшүмдү өз убагында жыйноо иштерин жүргүзүп жатышат.
Талаадагы иштер менен таанышкан район акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов оруп-жыйноону жоготуусуз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле өрт жана эмгек коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
