Эмгек ардагери Тургун Машрапова 98 жаш курагында дүйнө салды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
10 июнь

Эмгек ардагери Тургун Машрапова 98 жаш курагында дүйнө салды

Социалисттик Эмгектин Баатыры, эмгек ардагери, Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Тургун Машрапова 98 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Тургун Машрапова 1928-жылдын 16-майында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо айылында төрөлгөн. Ал жаштайынан эмгек жолуна түшүп, өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн айыл чарбасына арнаган.

Эмгек жолун 1945-жылы «Большевик» колхозунда жөнөкөй колхозчу болуп иштеген баштаган. Орто билимдүү. 1964-жылдан баштап Кыргыз пахтачылык тажрыйба станциясынын пахтачылар бригадасынын бригадири болуп иштеген. 1964-жылы КПССтин катарына кирген.

Тургун Машрапованын бригадасы 1966–1970-жылдары тапшырманы 109 %га аткарып, 100 гектар жерден гектарынан орточо 26 центнерден пахта чогулткан. Пахта өндүрүүнү жана мамлекетке сатууну көбөйтүүдө жеткен чоң ийгиликтери жана түшүм жыйноодо көрсөткөн эмгек эрдиги үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1972-жылдын 14-декабрындагы Жарлыгы менен Тургун Машрапова Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына ээ болуп, «Ороқ жана Балка» алтын медалы жана Ленин ордени менен сыйланган.

СССР Жогорку Советинин IX чакырылышынын депутаты (1974–1979), Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетине мүчө болуп шайланган.

Тургун Машрапованын өмүр жолу келечек муундар үчүн күжүрмөндүктүн, мекенге берилгендиктин жана адамгерчиликтин жаркын өрнөгү болуп кала берет. Анын эмгектеги жетишкендиктерин кыргыз эли эч качан унутпайт.