Ат-Башыдагы "Кында" ашуусу жазга чейин жабылды
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 65-73-чакырымындагы “Кында” ашуусу 2024-жылдын 6-ноябрынан тартып жабылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган ашуу 2025-жылдын 1-апрелине чейин жабык болот.
Мындай чечим Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин 2024-жылдын 6-ноябрындагы №249-б буйругунун негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынды.
