Иллюстрациялык сүрөт
8 ноября
Ат-Башыдагы "Кында" ашуусу жазга чейин жабылды
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 65-73-чакырымындагы “Кында” ашуусу 2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылды.
Мындай чечим Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин 2024-жылдын 6-ноябрындагы №249-б буйругунун негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынды.
08.11.2024 14:08:23
