Москва районунун прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
25 ноябрь

Москва районунун прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Жаңы имаратты Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев салтанаттуу түрдө ачып, өз сөзүндө жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишин сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө, жарандарды укуктук жактан ыкчам жана натыйжалуу тейлөөгө, ошондой эле кызматкерлер үчүн бардык шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө болоорун билдирди.

«Учурда өлкөбүздөгү прокуратура органдары үчүн дагы бир катар жаңы административдик имараттар жана кызматтык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Бул өлкө жетекчилигинин укук коргоо тутумун чыңдоого жана прокуратура кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көрүп жаткан зор камкордугунун айкын далили болуп саналат», — деп белгиледи башкы прокурор.

Москва райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды.