Нарын ОИИБ мыйзамсыз баңгизат жана курал аныктады
Нарын ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын ОИИБдин БМЖККБнын кызматкерлери жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча кызматкерлери, тарабынан Кочкор районунун тургуну, 1982-жылы туулган А.А.С. аттуу жарандын турак жайында жана сарайларында кечиктирилгис тинтүү иш-чарасы жүргүзүлдү.
Тинтүү учурунда аталган жарандын жанынан жана жашаган үйүнөн баңги заттары, ошондой эле мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал жана ок дарылары табылып, алынган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алардын жыйынтыгына ылайык мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.
