Жалал-Абаддагы Ак-Терек каналындагы туннелди казуу иштери аяктап калды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
18 август

Жалал-Абаддагы Ак-Терек каналындагы туннелди казуу иштери аяктап калды

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Манасбек Базылбеков 18-августта Аксы районундагы бир катар инфраструктуралык объектилердин абалы менен жеринен таанышты.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, иш сапар Ак-Терек каналынан башталды.

Объект “Кыргыз Республикасында 2017–2026-жылдардагы ирригацияны өнүктүрүү” мамлекеттик программасынын алкагында курулууда. Каналдын жалпы узундугу 7,4 чакырымды, тоннелдин узундугу 2,44 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы сугат аянты 4408 гектарды түзөт.

Учурда туннелдин 1980 метр жери казылып, 64 метр бөлүгү калды. Казуу иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Объектти 2026-жылдын IV кварталында бүткөрүү пландалууда. Канал ишке берилгенден кийин Жерге-Тал, Кербен шаары жана Кош-Дөбө айыл аймагынын жерлерин сугат суу менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.

Андан соң кыдыруу “Нанай” чек ара өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Кара-Камыш айыл аймагындагы “Таза-Суу” долбоорунун жана Келпик насостук бекетинин курулушунун жүрүшүн көрдү.

Мындан тышкары, Кадыркул Чекиров атындагы мектептин курулушунун жүрүшү жана Ак-Тоңду насостук бекетиндеги иштер менен таанышышты. Учурда эки насостук бекетте тең курулуш иштери уланууда. Ар бир объект пайдаланууга берилгенден кийин 100 гектардан ашык жер аянтын сугат суу менен камсыздалат.

Мында бардык тиешелүү жетекчилерге объектилердеги курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.