Эмгекчилердин укугун, ден соолугун жана өмүрүн коргогон мыйзам долбоору: эмне өзгөрөт?
Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинети демилгелеген “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.
Бул мыйзам долбоору эмгекчилердин укугун, ден соолугун, өмүрүн сактоо боюнча коопсуз эмгек шарттарды түзүүгө багытталган. Анда 53 берене бар.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматовдун айтымында, эмгектин бардык катышуучуларынын: иш берүүчүнүн, жумушчунун, практикадан өтүп жаткандардын, аскер кызматкерлеринин, реабилитациядагылардын, соттолгон жарандардын жана чет элдик катыштагы ишканаларда иштеген кыргызстандыктардын укугу корголот.
Негизги багыттар:
- жумуш аткаруучулар үчүн коопсуздук шарттарды күчөтүү;
- кызматкерлерге коопсуздук эрежелерин үйрөтүү;
- жумуш аткаруучуларды коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу;
- кесиптик ооруларды жана жаракаттарды алдын алуу чаралары ж.б.
“Иш ордундагы коопсуздук эрежелерин сакталышы боюнча көзөмөлдөөнү Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жүзөгө ашырат”, – деди Досматов.
