«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты
22 январь

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты

Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи – депутат Дастан Бекешев.

Маалымат менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Кубанычбек Самаков тааныштырды. 

Мыйзам долбоору Министрлер кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин ишин жөнгө салуу жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоодо анын ролун күчөтүү максатында иштелип чыккан. Анын негизинде Кеңештин ишин мыйзамдык жактан жөнгө салуу жана Кеңешке майыптардын укуктарын козгогон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо ченем жаратуу ишине катышуу укугун берүү сунушталууда.

Баяндамачы, депутат Кубанычбек Самаков «Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун аталышын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп өзгөртүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи.