Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун оңдоо: жерине 220 атайын техника жана 473 адис тартылды
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Момбеков Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жол объектилериндеги иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Анын ичинде министрдин орун басары Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн текшерип, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун 104,6–197,6 чакырым аралыгындагы IV фазаны реконструкциялоо иштери уланууда. Долбоор 2025-жылдын апрель айында башталган.
Учурда жол куруу иштерине 220 атайын техника жана 473 адис тартылып, иш алып барууда.
- 61,3 чакырым аралыкта бак-дарактар кыйылып, 39,21 чакырым тилкеде эски асфальт-бетон жабуусун атайын техника менен сыйрып алуу иштери жүргүзүлдү;
- Жолдун 53,1 чакырымында жолду негизин эки тараптан кеңейтүү иштери аткарылды;
- 10,4 чакырымда жолдун төмөнкү, 5,95 чакырымда жогорку негиз катмары төшөлүп, 4,35 чакырымга асфальт-бетондун төмөнкү катмары төшөлдү.
Ал эми инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштеринин алкагында 15,7 чакырым байланыш линиясы жана 15,8 чакырым электр берүү линиясы көчүрүлдү.
Ошондой эле 2,7 чакырым аралыктагы жарыктандыруу линиялары демонтаждалды.
Долбоордо каралган жасалма курулмалардын курулушу да кызуу уланууда.
Учурда 7 объектте, анын ичинде көпүрөлөрдө жана жер алдындагы өтмөктө иштер жүргүзүлүп, алардын даярдыгы 11 пайыздан 90 пайызга чейин жетти. Ал эми долбоордо каралган 190 суу өткөрүүчү түтүктүн 41и толугу менен бүткөрүлдү.
Бекитилген графикке ылайык, 2026-жылдын аягына чейин жалпы аткарылган иштердин көлөмүн 25 пайызга жеткирүү жана 20 чакырым жаңы асфальт-бетон төшөө пландалууда. Долбоор ишке ашкандан кийин жарандар жана транзиттик транспорт үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүү шарттары түзүлөт.
Курулуш иштерин 2028-жылдын 25-апрелине чейин аяктоо белгиленген. Ал эми реконструкция иштерин «Shaanxi Construction Engineering Group Co., Ltd.» (Кытай Эл Республикасы) подрядчы компаниясы жүргүзүүдө. Объект пайдаланууга берилгенден кийин подрядчы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө кепилдик берилет.
