Талантбек Иманакунов: Курулуш тармагына тарыхта болуп көрбөгөндөй каражаттар бөлүнүүдө
25 ноябрь

Талантбек Иманакунов: Курулуш тармагына тарыхта болуп көрбөгөндөй каражаттар бөлүнүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакунов жакында 250 чакты социалдык объектилердин курулушу бүтүп, ишке берилээрин билдирди. 

“Азыркы учурда республика боюнча 651 объектинин курулушу бүткөрүлө турган болууда. Анын ичинен 412нин курулушу жүрүп жатса, калганы долбоорлоо шартында, долбоорлору даярдалып бүткөндөн кийин курулушу башталат”, – деди ал. 

Айтымында, жыл өткөн сайын республикалык бюджеттен курулуш тармагына бөлүнгөн каражаттын суммасы көбөйүүдө. Мисалы, 2024-жылы 12 миллиард сом бөлүнгөн болсо, быйыл 10 айда 14,5 миллиард сом бөлүндү. 

“Бул экономикабыздын өсүп жатканын, курулуш темпинин өйдөгө көтөрүлгөнүн билдирет. Жакында 250 объектини тапшыралы деп турабыз, алар: 110 мектеп, 33 бала бакча, 12 ден соолукту чыңдоо мекемелери, 12 спорттук жайлар, 14 маданий жайлар ж.б. Калктын саны өсүп жатканына байланыштуу, жыл сайын 200дөн кем эмес социалдык объектилерди куруудабыз. 2020-жылга чейинкини жана азыркыны анализ кылсак: акыркы 3 жылда курулуш тармагына жылына 10 миллиарддан кем эмес акча бөлүнүүдө, а 2020-жылга чейин бул сумма жылына 2-3 миллиардды гана түзчү. Чынында, азыркыдай курулуш Кыргызстандын тарыхында болгон эмес”, – деди Иманакунов.