Сүрөт ачык булактардан алынды
19 ноябрь
Ош шаарында дагы бир жол тилкеси убактылуу жабылат
Ош шаарындагы М. Аматов көчөсүнүн Курманжан датка көчөсү менен кесилишинен Алымбек датка көчөсүнө чейинки болжол менен 200 метрлик бөлүгү бир жумага унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Мэриядан чектөө жол оңдоо иштерине байланыштуу киргизилип жаткандыгын кабарлашты.
Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду пайдалануу сунушталат.
