Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары менен келди
1 апрель

Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Азербайжан Республикасынын Баку шаарына иш сапары менен келди. 

Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/Вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат. 

Ошондой эле ал, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары/Вице-президенттери менен биргеликте Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушат.  Мындан тышкары МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевдин Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.