Эмгек министрлиги чет элдик жарандар үчүн жумушка орноштуруу квоталарын 42 миңге чейин көбөйттү
18 декабрь

Эмгек министрлиги чет элдик жарандар үчүн жумушка орноштуруу квоталарын 42 миңге чейин көбөйттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу маалымат жыйында акыркы жылдары Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштурууга берилген квота 2020-жылдагы 12 миңден бүгүнкү күндө 42 миңге чейин көбөйгөнүн билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, квота министрлер кабинетинин токтомуна ылайык Эмгек министрлиги тарабынан бекитилет. Ал эми иштөөгө уруксаттарды жана жумушчу визаларды берүү менен Тышкы иштер министрлиги «бирдиктүү терезе» системасы аркылуу алектенет.

Ошондой эле Дарманкул уулу өлкөдөгү чет элдик жумушчулардын саны боюнча статистиканы келтирди:

  • Кытай — 18 898 адам,
  • Бангладеш — 11 677,
  • Пакистан — 8 268,
  • Индия — 2 603,
  • Өзбекстан — 2 060,
  • Түркия — 1 210,
  • Вьетнам — 421 жана башка өлкөлөр.

Жалпысынан Кыргызстанда 47 686 чет өлкөлүк жаранга иштөөгө уруксат берилген.

Негизги көңүл чет элдик жумушчу күчүн легалдаштырууга, ошондой эле жумушчу визаларды жана квоталарды алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө бурулуп жатканын министрдин орун басары белгиледи.