Ошто жаңы айып короо жайы пайдаланууга берилди
Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, эреже бузган жана ээсиз калтырылган транспорт каражаттарын иретке келтирүү максатында айып короо жайы (штрафстоянка) уюштурулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жаңы ачылган объекттин абалы, түзүлгөн шарттары жана аткарылган курулуш иштери менен Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жеринен таанышып чыгышты.
Объект Ж. Раимбеков жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Курулуш жана көрктөндүрүү иштери 2025-жылы башталып, жалпы аянты 6 091 чарчы метрди түзгөн аймакта ар тараптуу жумуштар аткарылды. Долбоордун алкагында 5 452 чарчы метр аянтка асфальт төшөлүп, 256,5 метр бордюр орнотулду. Ошондой эле аймакка 359 метр иригациялык система жүргүзүлүп, 549 метр темир тосмо орнотулду жана 300 чарчы метр жерге жашыл аймак түзүлдү.
Жаңы ачылган айып короо жайы шаардагы жол кыймылын тартипке келтирүүгө, токтотуу эрежелерин бузган унааларды коопсуз сактоого жана айлана-чөйрөнүн санитардык-эстетикалык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Ош шаарынын мэриясы шаардагы бош жана пайдаланылбаган жерлерди натыйжалуу пайдалануу, инфраструктураны өнүктүрүү жана шаардыктар үчүн ыңгайлуу чөйрөнү калыптандыруу боюнча долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырууда.
