ЖКККББ: Өлкө аймагында бир сутка ичинде 113 мас айдоочу кармалды
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө учурунда өлкө аймагында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 4 496дан ашуун айдоочу аныкталды.
Алардын ичинен:
- Мас абалында транспорт каражатын башкарган 113 айдоочу;
- Белгиленген ылдамдыкты ашырып айдаган 738 айдоочу;
- Карама-каршы тилкеге чыкан 152;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу 27;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу 1;
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу 113;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 825 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкөдө жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоону күчөтүлгөн тартипте улантат.
