Оштогу Имам-Ата көчөсү төрт тилкелүү жол болот
3 февраль

Оштогу Имам-Ата көчөсү төрт тилкелүү жол болот

Ош шаарындагы Имам-Ата көчөсү төрт тилкелүү жол болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Учурда аталган көчөнүн туурасы 10–15 метрди гана түзүп, унаа кыймылында бир катар ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Шаардын башкы планына ылайык, жол бөлүгү кеңейтилип, жалпы туурасы 22 метрди түзгөн төрт тилкелүү унаа жолу курулат. Ошондой эле жолдун эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана ирригациялык лотоктор орнотулат.

Азыркы тапта жолго чыгып кеткен турак жайлардын дубалдары, тосмолору жана башка курулуш объектилери демонтаждалып, алардын калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.