"Кыргызтелеком" жана "Түркмөнтелеком" кызматташуу меморандумуна кол коюшту
"Кыргызтелеком" ААК жана "Түркмөнтелеком" телекоммуникация компаниясы 2025-жылдын 12-ноябрынан 14-ноябрына чейин Ашхабадда "Түркмөнтел-2025" эл аралык көргөзмөсүнүн жана конференциясынын алкагында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Иш-чарага Кыргызстандын атынан "Кыргызтелеком" компаниясынын башкы директору Нурлан Мадаминов катышты.
Документке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмаларын жана 2024-жылдын 25-июлундагы Өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча 6-жыйынынын протоколунун 11-пунктун аткаруу максатында кол коюлду.
Меморандумду даярдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Түркмөнстандагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин жана Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин активдүү катышуусу менен жүргүзүлдү.
Документтин негизги максаты - телекоммуникация тармагында өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык байланышты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана инновациялык санариптик чечимдерди ишке ашыруу.
Меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жана санариптик өз ара аракеттенүүнү чыңдоо багытындагы маанилүү кадам болду.
