Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери автоунаадан уурулук кылууга шектүүлөрдү кармашты
18 декабрь

Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери автоунаадан уурулук кылууга шектүүлөрдү кармашты

2025-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна И.Ч аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, ошол эле күнү түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз адамдар кулпусун бузуп, Бишкек шаарынын Шопоков көчөсүндө токтоп турган «Honda Fit» үлгүсүндөгү автоунаадан жалпы суммасы 200 миң сомду түзгөн идиш-аяктарды жашыруун түрдө уурдап кетишкен.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилген. Алар – Т.Т., 1995-жылы туулган жана Б.У., 1997-жылы туулган жарандар. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, алар Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалгандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогун аныктоо максатында зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.