Максат Асаналиев Катар Мамлекетинин Башкы прокурору менен Доха шаарында жумушчу жолугушуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев Катар Мамлекетинин Башкы прокурору, доктор Исса бин Саад Аль-Джафали Аль-Нуайми менен Доха шаарында жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү кызматташтык, коррупцияга жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, экстрадициялоо, соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана кылмыш иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу эки тараптуу эл аралык келишимдерди түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки мамлекеттин прокуратура органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
