Косметолог: Ботекс 2 жаштагы балдарга да сайылат
Косметолог Толгонай Калматова “Айымдар” берүүсүндө ботекстин жакшы жактарын санап берди.
Айтымында, коомчулукта ботекс тууралуу туура эмес түшүнүктөр бар, бирок бул процедуранын пайдалуу жактары көп.
Мисалы, ботекс төмөнкү көйгөйлөрдү чечет:
- колтуктун ашыкча тердөөсү;
- алакандын ашыкча тердөөсү;
- буттун ашыкча тердөөсү.
“Андан сырткары, тиш дарыгерлери бизге чайноо булчуңдары катуу болуп, гипертонуска өткөн (бул тишке жаракат алып келет) бейтаптарды жөнөтүшөт. Аларга ботекс сайылганда, чайноо булчуңдуры жумшарат. Неврология бөлүмүндө ботекс мигренди дарылоочу дары каражаты катары колдонулат. Негизи, ботекс бул бөлүмдө 2 жаштан баштап сайылат. А косметологияда мынча жаштан баштап сайылышы керек деген чектөө жок. Кайсы куракта биринчи мимикалык бырыш пайда болсо, ошондо сайдырууга мүмкүн. Анткени, бул процедура терини сындырбай сактоого жардам берет”, – деди косметолог.
