Кызыл-Кыяда саламаттык сактоо мекемелери жаңыланды
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Кызыл-Кыя шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалынан кабар алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун психонаркология бөлүмү быйылкы жылы республикалык бюджеттен 10 млн сомго капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү.
20 орунга ылайыкталган ооруканада бейтаптар жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун неврология бөлүмү Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар ассамлеясы тарабынан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып курулду.
40 орундуу мекемеде дарт аныктоо жана комплекстүү дарылоо боюнча мыкты шарттар түзүлгөн.
Шаардык төрөт үйү 70орунга ылайыкталган.Мекеме республикалык бюджеттин эсебинен ондоп түзөөдөн өттү.
Шаарда дагы эки ФАП пайдаланууга даяр.
