Чүй облусунда Lalafo тиркемеси аркылуу жасалган алдамчылыкка шектүү кармалды
Кемин РИИБине Токмок шаарынын тургуну Д.Н. кайрылып, 2025-жылдын 9-ноябрында Lalafo тиркемесинен Volkswagen Passat автоунаасын сатуу боюнча жарыя көргөнүн маалымдаган. Ал сатуучу менен байланышып, автоунааны сатып алууга макулдашкан. Сатуучунун өтүнүчү боюнча ал «О деньги» электрондук капчыгына 27 миң сом, андан кийин дагы 40 миң сом которгон. Акчаны алган соң «сатуучу» байланыштан чыгып, дайынсыз болгон. Жалпы материалдык зыян 67 миң сомду түздү.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция шектүүнү – буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон, жергиликтүү тургун 1999-жылы туулган К.А.ны аныктады. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сот анын баш коргоо чарасын үй камагы түрүндө тандады.
Азыркы учурда анын Чүй облусунун аймагында жасалган башка окшош кылмыштарга тиешеси текшерилүүдө. Тергөөнү уланууда.
