Ака-ука, эже-сиңди – парламентте комитеттин жетекчилеринин орун басарларын шайлоодо талаш-тартыш жаралды
Депутат Бурул Аманова Жогорку Кеңештин жыйынында аймактык бөлүнүү маселелерин көтөрүүгө болбой турганын эскертти.
“Бул жерге регионалдык маселе көтөрүлбөшү керек. Ака-ука деген канчалык туура экенин билбейм, бирок мындай сөздөрдү этияттап айтсак жакшы болот эле. Альтернативасыз деген маселе да турган жок, бул жакта талкуулап жаттык, каалоочулар койсун дедик. Дагы бир жолу суранам: мындай сөздөрдү этияттап айталы. Ака-ука деген сөздөр болгон жок”, – деди ал.
Эске салсак, ага чейин депутат Эльвира Сурабалдиева комитеттердин жетекчилеринин орун басарларын альтернативасыз шайлоону сунуштаган. Ага себеп катары талапкерлерди көрсөтүүдө аймактык бөлүнүү пайда болуп жатканын белгилеген.
“Кечээ спикерди, комитет жетекчилерин альтернативасыз шайлап бердик. А бүгүн комитет жетекчилеринин орун басарларын тандай турган болуптурбуз. Кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр. Талапкерлердин, депутаттардын ортосунда ызы-чуу чыгарбай, кечээгидей эле альтернативасыз талапкерлерди бекитип коюңуздар. Бул жакта ызы-чуу болуп жатат. Түндүк-түштүк, ака-ука, эже-сиңди болуп бөлүнүп жатабыз”, – деди Сурабалдиева.
Аманованын жогорудагы билдирүүсүнө Эльвира Сурабалдиева мындай жооп берди:
“Менин дарегиме бирдеме дештен мурда ойлонуңуз. Сиз биринчи жолу шайланып жаткан жоксуз. Парламентте бири бирине комментарий бергенге болбойт. Мен аттарын атаган жокмун, эгерде айтып баштасам, ал тууралуу 87 депутатка тең белгилүү болот”, – деди ал.
