Сурабалдиева спикерге: Мен билем – сиз эң жогорку тепкичте турасыз, бирок мени коркутпаңыз
18 декабрь

Сурабалдиева спикерге: Мен билем – сиз эң жогорку тепкичте турасыз, бирок мени коркутпаңыз

Депутат Эльвира Сурабалдиева спикер Нурланбек Тургунбек уулуна “өзүн коркутуу натыйжа бербей турганын” билдирди. 

Буга чейин Сурабалдиева комитеттин жетекчилеринин орун басарларын шайлоодо регионалдык бөлүнүү орун алып жатканын билдирген болчу. 

Спикер мындай билдирүүнүн жоопкерчилиги чоң экенин эскертти. 

“Сиз бир фракциянын же депутаттык топтун мүчөсү эмессиз. Түндүк-түштүк, тиги-бу деген маселе бул жерде болбошу керек. Бул маселени көтөрүүнүн жоопкерчилиги бар. Трибунадан мындан ары айтылбашы керек. Жоопкерчилигин жакшы билесиз”, – деди ал. 

Сурабалдиева калыс пикир дайыма керек экенин белгиледи. 

“Мен коркутпаңыздар. Мен түшүнүп жатам, бийик тепкичтердин биринде сиз турасыз. Бирок башка депутаттардын духу жетпей жатабы, алар айта албаганды мен ачык айтам. Тиги же бул депутаттык топко кошулууга мажбурлай албайсыздар”, – деди.