Башкы прокуратура
1 апрель
Жайыл районунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чаралар күчөтүлүүдө
Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө зомбулуктун себептери жана шарттары талкууланып, жарандарды коргоо, профилактикалык иштерди күчөтүү жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери каралып, укуктук маалымдуулукту жогорулатуу жана бул багыттагы иштерди координациялоону күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Прокуратура үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу мамлекеттик органдардын жана коомдун биргелешкен маанилүү милдети экенин баса белгилейт.
