Баткенде мектеп окуучулары мушташып, бирөө каза болду
www
29 май

Баткенде мектеп окуучулары мушташып, бирөө каза болду

Баткенде мектеп окуучулары мушташып, 2009-жылы туулган өспүрүм каза болду. Мындай маалыматты президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 27-майында Кызыл-Кыя шаарындагы эс алуу паркында катталган. 

Кылмышка шектүү делип 2010-жылы туулган өспүрүм кармалып, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан сырткары, окуяга катыштыгы бар өспүрүмдөрдүн аракетинде кылмыштын курамын аныктоо боюча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Окуяны облус башчысы Мамыржан Рахимов жеке көзөмөлүнө алып, Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилигине жана облустун укук коргоо органдарына окуяны дыкат териштирүү тапшырмасын берген.

Натыйжада окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголду.

Маркум Кадамжай районундагы мектептердин биринин 10-классынын окуучусу болгон.