Бишкекте турак жайдын чарчы метри 195 миң сомго жетти
Бишкек 2026-жылдын июнь айында турак үйлөрдүн чарчы метринин орточо баасы боюнча биринчи орунду ээледи.
Борбор калаада турак үйдүн бир чарчы метринин орточо баасы 195 миң 77 сомду түздү.
Экинчи эң жогорку көрсөткүч Аламүдүн районунда катталып, чарчы метри 124 миң 199 сом болду.
Ош районунда турак үйлөрдүн бир чарчы метри орточо 115 миң 503 сомго, ал эми Ысык-Ата районунда 103 миң 605 сомго бааланды.
Сокулук районунда чарчы метринин орточо баасы 99 миң 60 сомду, Жайыл районунда болсо 91 миң 563 сомду түздү.
Жалал-Абад шаарында бул көрсөткүч 87 миң 144 сом болду. Кара-Суу жана Москва райондорунда турак үйлөрдүн чарчы метринин баасы дээрлик бирдей болуп, орточо 78 миң сомдун тегерегинде катталды.
Каракол–Ак-Суу аймагында турак үйдүн чарчы метри орточо 73 миң 589 сом, Ысык-Көл районунда 69 миң 741 сом, ал эми Майлуу-Суу шаарында 68 миң 498 сом болду.
Турак үйлөрдүн баасына алардын жайгашкан жери, жер тилкесинин аянты, үйдүн техникалык абалы, инженердик коммуникациялардын болушу жана транспорттук жеткиликтүүлүгү сыяктуу факторлор таасир этет.
