www
9 март
Баткен облусунун мурдагы башчысы Айбек Шаменов суу ресурстары министринин орун басары болду
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Б. Бекболотов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун сунушу менен министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Айбек Шаменов суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, Айбек Шаменов буга чейин президенттин Баткен облусундагы өкүлү кызматын аркалап келген.
