Бишкекте №195 каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү
18 декабрь

Бишкекте №195 каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү

Коомчулуктун кайрылууларын эске алуу менен, 2025-жылдын 19-декабрынан тартып №195 каттамдын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилди.

Мэриядан кабарлашкандай, бул чечим айрым көчөлөрдө жашаган азиз жана көрүүсү начар жарандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

Аталган тургундар үчүн коомдук транспортко жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү негизги максат болуп саналат.