Чүй облусунда автомототранспорт каражаттарын айдап качууга шектүү жаран кармалды
18 декабрь

Чүй облусунда автомототранспорт каражаттарын айдап качууга шектүү жаран кармалды

2025-жылдын 15-декабрында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 1990-жылы туулган М.М. атту жергиликтүү тургун, арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз адам 2025-жылдын 15-декабрында Жайыл районунун Калинино айылындагы Э.Алыбаев көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанында токтоп турган жашыл түстөгү “Мazda 121” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кетип, окуя болгон жерден из жашыргандыгы көрсөтүлгөн.

Бул факт катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган факт боюнча өздүк курамга ыкчам түрдө багыттама берилген. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Кара-Балта шаарынын Сосновка бурулушунда аталган «Mazda 121» үлгүсүндөгү автоунааны аныктап, аны 2004-жылы туулган жаран А.А. башкарып бара жаткан учурда кармашкан.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык А.А. атту жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү айдап качуу фактысына чейин Калинино айылында жасалган эки уурулукка тиешеси бар экендиги аныкталган. Жабырлануучулардын арыздарынын негизинде бул фактылар катталып, алар боюнча да кылмыш иштери козголгон.

Тергөө иштери улантылууда.