Башка мамлекетте 9 жыл мурун адам өлтүрүү фактысына шектелип 45 жаштагы жаран кармалды
Россия Федерациясында 2016-жылы болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүлүп, Кадамжай РИИБне 2025-жылдын 3-декабрында катталган.
Тергөө материалдарына ылайык, Кадамжай районунун тургуну 45 жаштагы тургуну С.А. Москва облусунда чыккан уруш учурунда жаран 1973-жылкы Т.Жга бычак менен сокку уруп, анын өлүмүнө себепкер болгон.
Россия Федерациясынын тергөө органдары тарабынан күнөөсү далилденген соң, кылмыш иши эл аралык конвенциянын негизинде Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында шектүү С.А. Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
