ИИМ ири өлчөмдө опузалап талап кылууга тиешеси бар адамдардын тобунун ишине бөгөт койду
2 февраль

ИИМ ири өлчөмдө опузалап талап кылууга тиешеси бар адамдардын тобунун ишине бөгөт койду

Милицияга жаран Ж.З. кайрылып, өзүн «Хамза» жана «Али» деп тааныштырган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, аталган адамдар маркум уулунун атына тиешелүү деп көрсөтүлгөн карыздык милдеттенмелерди шылтоо кылып, мыйзамсыз түрдө 7 000 000 сом өлчөмүндө акча талап кылышып, акчаны берүүдөн баш тарткан учурда зомбулук көрсөтүү менен коркутушкан.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Тергөө кызматы менен биргеликте акча каражатын талап кылып жаткан жеринен 2005-жылы туулган К.Н. жана 2001-жылы туулган Т.Х. аттуу жарандар кармалган.

Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган Ж.А. аттуу үчүнчү катышуучу - кылмыштын уюштуруучусу аныкталып, кармалган. Анын жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, ошондой эле кылмыштуу топ тарабынан пайдаланылган унаа каражаты аныкталып, алынган. Автоунаа айып короосуна токтотулган.

Кармалган жарандар Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.А. жабырлануучу менен бир нече жылдан бери тааныш болгону, анын мүлктүк абалы жана үй-бүлөлүк жагдайлары тууралуу маалыматка ээ болгону аныкталган. Жабырлануучунун уулунун каза болгонунан пайдаланып, ал акча талап кылуу кылмышын уюштуруп, башка адамдарды тартуу менен алардын аракеттерин жетектеген.

Азыркы учурда кылмыштын бардык жагдайларын толук аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда, ошондой эле кармалган жарандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

Тергөө уланууда.