Кыргызстанда жыл башынан бери транспорттук көзөмөлдөн казынага 247 млн сом түштү
Транспорт департаменти тарабынан 2026-жылдын алгачкы 7 айында 500 миңге жакын унаа текшерилип, 8 226 укук бузуу фактысы аныкталып, протоколдор түзүлдү.
Ведомстводон кабарлашкандай, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 156,63%га көп.
Укук бузуулар үчүн салынган айып пулдардан мамлекеттик казынага 83 млн 330 миң сом түшүп, өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 217%га өстү. Транспорт каражаттарынын салмак-габариттик өлчөмдөрүн ченөөдөн түшкөн жыйым 7 млн 444 миң сомго жакын болуп, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 195%га өстү.
Муну менен катар жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнүүчү жыйымдар 10 млн 615 миң сомду түзүп, өткөн жылдын 7 айына караганда 152%га көп топтолду. Атайын уруксат кагаздарын берүүдөн 135 млн 850 миң сомго жакын жыйым түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу 77%га азайды. Ал эми көп жолу колдонулуучу уруксат кагаздарынан түшкөн жыйым 10 млн сомдон ашып, өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 281%га өстү.
Жыйынтыгында, 2026-жылдын 7 айында транспорттук көзөмөлдүн алкагында мамлекеттик казынага 247 млн 197 миң 785 сом өндүрүлдү. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 107,39%га көп.
